www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Укук коргоо органдарынын мыйзамсыз иш-аракеттерине бөгөт коюлду

Укук коргоо органдарынын мыйзамсыз иш-аракеттерине бөгөт коюлуп, ишкердик субъектинин бузулган укуктары калыбына келтирилди. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. 

Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан «М.К.» жоопкерчилиги чектелген коомунун директорунун кайрылуусунун негизинде жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында ишкердик субъектисине мыйзамсыз текшерүү жүргүзүү фактысы аныкталган.

Тактап айтканда, Жалал-Абад ОИИБнын жана УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери ишкердик субъектилеринин укуктарын колдоого багытталган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарынын талаптарын одоно түрдө бузуу менен, ишмердүүлүгүн текшерүү жөнүндөгү актыларын прокуратура органдарында каттатып уруксат албастан, Жалал-Абад шаарынын аймагында жайгашкан “М.К.” жоопкерчилиги чектелген коомун мыйзамсыз текшерүүгө алышып, иш-кагаздарын талап кылышкан.

Прокурордук текшерүүнүн жыйынтыгында топтолгон материалдар облустук прокуратура тарабынан Жазык кодексинин 320-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости