www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматы эркинен ажырагандар отурган абактарда коронавирус инфекциясы көбөйүп кеткени боюнча билдирүү туура эмес деген маалымат таратты.

Буга чейин бир топ укук коргоочулар — Акыйкатчы институту, Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор "Бир дүйнө - Кыргызстан" укук коргоо уюмунун тартылган эксперттери менен чыгарган маалымат таратылган. Абактарда, психиатриялык ооруканаларда, балдар үйүндө коронавирус боюнча жүргүзүлгөн иликтөөнүн жыйынтыгын жарыялашкан.

Алар Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын (ЖАМК) жабык мекемелеринде COVID-19ду жуктуруп алган көп учурлар бар, ал эми айып салып кармап турган өзүнчө жайларда отургандар үчүн шарттар түзүлгөн эмес дешкен.

"COVID-19 башталгандан тарта ЖАМКта коронавирустун тарап кетишине жол берөө, анын алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүп келет. Андан сырткары, профилактикалык жана эпидемияга каршы тиешелүү аракеттер көрүлүп турат", — дешкен аталган ведомстводон.

ДССУнун, Саламаттык сактоо министрлигинин сунуштамаларын жана кылмыш-аткаруу системасынын өзгөчөлүгүн эске алып, Эл аралык Кызыл жарым ай уюмунун көмөгү менен ЖАМКтын медициналык кызматы атайын алгоритмдерди иштеп чыккан.

Алар COVID-19ду профилактикалоо жана аталган инфекцияга чалдыгышы мүмкүн деген адамдарды табуу боюнча түзүлгөн.

"Соттук-медициналык экспертизанын бүтүмүнө ылайык, пневмония илдетинен ЖАМКтан төрт киши, ал эми COVID-19дан эки киши каза тапты. Былтыркы жылы ушундай мезгил ичинде пневмониядан үч киши көз жумган", — деп айтышты ЖАМКтан.

Мамлекеттик кызматтан Жазык-аткаруу кодексине ылайык, айып изоляторунда кармалып тургандарга төшөнчү, шейшептер уктаган учурда гана берилет деп кошумчалашкан.

Ведомстводон тартип коргоочулар ЖАМК мекемелериндеги абалды туруксуздаштыруу максатында жасалма нерселерди түзүп жатат деп айтышкан.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости