www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
NazarNews маалымат агенттиги Каныбек Осмоналиев менен саясатта кайчы пикир жараткан айрым маселелрдин алкагында баарлаштык.
-Каныбек агай, Адахан Мадумаров бүгүнкү күндө бийлик башында кабыл алынып жаткан чечимдерди «түздөн-түз узурпация» деп атады го. Ал турсун президенттин милдетин аткаруучу адам Конституцияны өзгөртүүгө да, референдум жарыялоого да мыйзамдуу укугу жок деди го. Мадумаровдун айтканында чындык барбы же жаңы бийликке бут тосуп жатабы?
-Азыр Кыргызстан дагы бир жолу кыйын кезеңди башынан өткөрүп келет. 2005- 2010- жана 2020-жылдар кыргыз элин чоң сыноолорго тушуктуруп, кезектеги өзүнүн таш боор президенттеринин азабын тартып отурат. Акаев-Бакиев-Атамбаев-Жээнбеков кландары кыргызга көп түйшүктөрду артып кетишти. Эми алар тарыхтан биротоло кетишип, элге кылган жамандыктары өздөрү менен кошо кетсе жакшы болот. Бул сапар кыргызым дагы бир жолу силкинди. Элдин жаңы катуу талабы коюлду. 5-6-октябрда карапайым эл тарабынан бийликтин структурасын түп тамырынан бери өзгөртүү талабы белгиленди. Аны тез иш жүзүнө ашыруу үчүн эл жаңы лидерин тапты. Ал жооптуу вазийпа көптөн бери жазыксыз азап тартып жүргөн, белгилүү саясатчы Садыр Жапаровдун бешенесине туура келди. Конституциялык реформаны талап кылган элдин мүдөөсү биринчи орунга алып чыгылды дагы аянттарда топтолгон көптөгөн элдер, алардын басымдуу көпчүлүгү жаштар, ушул гана талапка көңүл буруп туруп алышты. Мындай кырдаалда кескин конституциялык реформаны ишке бачым ашыруу гана абалды турукташтурууга алып келет болчу. Элди алдап кичине эле, болоор-болбос өзгөртүүлөрдү киргизе коюмуш болуу көп жаңжалдарга алып келээри белгилүү болуп калды. Ошондуктан Садыр Жапаров баштаган команда чечкиндүү кадамдарга барып жатат. Депутаттар акырында түшүнүштү окшойт, көпчүлүк добуш менен колдоп беришти. Эми мындайда, албетте, каршы чыккандар болбой койбойт. Белгилүү саясатчы Адахан Мадумаров ошол жагына көп көңүл бурууда. Бул нормалдуу эле саясий жүрүштөр. Эң башкысы экөөнүн тең ички туюмдары эл үчүн болуусу керек. Экөө тең кыргыздын татыктуу уулдары. Акырында саясий компромисстерге барышат деген ойдомун. Албетте, өтө эле радикалдуу көз караштагы башка саясатчылар дагы чыгышууда. Менимче көпчүлүгүнүн көөдөнүн кереги жок эмоциялар менен түшүнүксүз көз караштар ээлеп алгандай туюлат. Так ошолор жаңы реформаторлорго бут тосуп жатышат!
-Жаңы бийлик кадр алмаштыруу менен гана алек болуп, баары меники деген жаман адатка түшүп алган жокпу?
- Жаңы бийликтин иштөө темпин жана графигин көрүп, билип тургандар андай сөздү айтышпайт. Менимче, көбүнчө ушак-айыңдар орун алып кетүүдө. Кадр маселелерине келсек, жаңы өкмөттүн курамдарына кандай гана партиялардын же саясий топтордун өкүлдөрү келишпеди! Көрүнүп эле турбайбы? Бир аз адилет бололу да? Мен алардын кадр саясаттарын идеалдуу деп айта албайм. Бирок, Садыр Жапаров өзү деле айтып жатпайбы, "булар 2-3 айлык мөөнөт менен эле иштеп жатышат", деп. Ишенип туралы. Жапаровдун өкмөтүндөгүлөрдүн кимиси-ким экендиги тез аранын ичинде эле ашкере болуп калат. Абалды стабилдештирип алышса, анан накта кесипкөй адистер келишет деп ойлойм.
-Садыр Жапаров башмыйзамды одоно бузган чечимдерди кабыл алып, Мадумаров айткандай жоопкерчилиги чоң, кайнап турган казанга түшө турган жолду тандап алдыбы?
-Садыр Жапаров бүгүн элдик лидер болуп турганы менен ал баардык саясий күчтөр менен кеңешип жатат. Жогорку Кеңештеги, жана башка жерлердеги сөздөрүнөн эле көрүнүп турбайбы. Мыйзамды одоно бузганын эл электен өткөрүп байкап турат да? Биз унутпайлы. Элдин талабы - бул бийликтин структкрасын түп-тамырынан бери өзгөртүү. Эски схеманы каалабайт. Эгерде дагы деле көшөкөрлөнгөн күчтөр мурункудай кала берсин деп отуруп алышса, анда кыжыры келген эл өзү баарын биротоло ордуна коюп коёт. Ал анда башкача сөз жана мамиле болуп калат. Кудай анын бетин ары кылсын!
-Садыр Жапаров «шайлоолорду токтотуп, ага чейин өзүм падыша, өзүм прокурор, өзүм сот, өзүм өкмөтмүн! Мен! Менден башка эч ким жок!» дегендей коркунучтуу позицияга коркунучтуу жолго түшүп алдыбы?
-Эми бул инсинуациялар кээ бир деструктивдик күчтөрдүн эле фантазиялары болуп жаткандай. Садыр Жапаров өзү деле бүгүн интернет баракчасына ачык жазды го? 30-жылдан бери сөз эле сүйлөп келе жатабыз дегендей кылып. Азыр, эң башкысы мамилелердин эскалациясына жол бербейли. Кыргыздын келечегин ойлобогон күчтөр толтура. Алар кыргыздын белдүү уул-кыздарын кайраштырып чабыштырып жатышат. Ошондуктан азыр келечекти гана ойлоого ар бирибиз, жаш-кары дебей катуу милдеткербиз. Бул менин аксакалдык сөзүм жана кеңешим! Этият болгула. Көр оокат өтө берет. Бири-бириңерге түшүнүү менен мамиле кылып, чыдамкайлык касиеттериңерден жазбагыла дээр элем!
-Баса, чукул конституциялык реформа эмнеге алып келет?
- Чукул конституциялык реформа - бул карапайым элдин талабы. Ал эскиче жашоону эми каалабайт. Ал кээ бир саясатчыларга жагабы же жакпайбы көп мааниге ээ эмес! Ушул талапты чечкиндүүлүк менен ишке ашыра ала турган саясатчы же алардын тобу гана элдин купулуна толо алат жана колдоо табат. Садыр Жапаров дал ушул жол менен кетип бара жатат. Албетте, тоскоолдуктар болот жана болуп жатат. Анткени, жаңы түзүлүш жөнүндө сөз болуп турат. Ошондуктан, баарыбыз башыбызды бириктирип, элдин келечеги үчүн болбогон амбицияларыбыздан арылалы, жакшылар!
-БШКнын кысымга карабай шайлоо күнүн жарыялаганы туурабы?
-БШКнын капысынан эле "принципиалдуу" жана мыйзамды көздүн карегиндей сактап калганына баарыбыз таң калып отурабыз. Бул аракеттеринде бир мандем бардай. Болбосо, 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жараксыз болуп калышына ким күнөлүү эле? Дал ушул БШК эмес беле! Алар өздөрү жараксыз деп табышты го? Эми мурдагыдай эле эски формат менен баргылары келишип, шайлоо жарыялашты. Туура мыйзам боюнча ошондой. Бирок, бул азаматтардын элдин алдындагы моралдык жоопкерчилиги деген түшүнүк эмне болду? Эмне, кайрадан элдин кыжырын келтирип дагы бир толкундоолорго түртүп жатышабы? Өткөндө Жээнбековду кетиришти эле, эми Садыр Жапаровго тиш салып кириштиби? Айтор, суроолор көп. Албетте, саясий абалды БШКнын кээ бир мүчөлөрү атайылап курчутуп киришти. От менен ойной башташты.
-БШК бийликке баш ийбей жатабы же алар мыйзамдын талаптарын аткарып жатабы?
-Жакында парламент Шайлоо Кодексинин эки беренесинин ишин токтотуп туруу боюнча жаңы мыйзамын кабыл алды. Президенттин милдетин аткаруучу ал мыйзамга кол койду. Демек, мыйзам күчүнө кирди. Андан ары 2021-жылдын 10-январында президенттик шайлоо өткөрүлүүсү керек деген конституциялык талап аткарылып, бул мыйзам автоматтык түрдө күчүнө кирди. Эми аны эч ким жокко чыгара албайт. БШК аны деле уруп ойнобой 20-декабрда парламенттик шайлоо өткөрөм деп чамынып жатат. Алардын мындай аракеттери туура эмес. Бул өзүнчө эле саясий саботаж болууда. Эл мунун баарын көрүп турат. Элдин 5-октябрдагы талабы бирөө гана болгон. Ал - конституциялык реформа! Ошондуктан БШК өнөр-кылыктарын токтотушуп, мыйзамга моюн сунушса жакшы болоор эле. Биринчи кезекте, өзүлөрү үчүн. Эл алардын кечээги эле кылмыштарын али унута эле.
-Референдумдан мурун президенттик шайлоо болгону туурабы?
-Президенттик шайлоонун мөөнөтүн эч ким жылдыра албайт. Ал Конституциянын талабы. Андай-мындай сөздөр - бул кээ бир азаматтардын айла кеткендеги маневрлары болуп жатат. Элди козутуп жаткандар дагы ошолор. Ал эми референдум сөзсүз керек. Анткени, ал 5-октябрдагы окуялардын жаратуучусу болгон көпчүлүк элдин талабы. Ал аткарылмайынча, эл тыным албайт. Бирок, аны президенттик шайлоодон кийин мыйзам чегинде уюштурса болот. Конституцияга, чынында эле көп оңдоо-тузөтүүлөр зарыл болуп турат. Алдыга карай жылалы да.
-Баса, айрым саясатчылар, эксперттер Садыр Жапаров шайлоого барса, укуктун туңгуюкка кептелебиз деген ойлорун айтып жатышат го?
-Садыр Жапаров президенттикке барса кызматын өткөрүп берүү жөнүндө ачык билдирүү таратты. Бул - зор саясий эрк болду. Аны азыр калың эл колдоп турат. Алардын ишениминен пайдаланып, мыйзам бузууга барган жок. Анан кайдагы туңгуюк болмок эле? ЖКнын төрагасы менен биринчи вице-премьер-министр президенттин милдетин аткаруучу менен премьер министрдин милдеттерин убактылуу аткара беришет. Мыйзамда мунун баары так көрсөтүлгөн.
Булак: NazarNews.kg