www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 1-октябрында Душанбе шаарында Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон менен Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин ички иштер органдарынын жетекчилеринин жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри, милициянын генерал-полковниги Улан Ниязбеков катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, кылмыштуулукка каршы аракеттенүү жана Шериктештикке мүчө-мамлекеттердин укук коргоо органдарынын өз ара кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Өзгөчө көңүл трансулуттук жана уюшкан кылмыштуулукка, баңгизаттарды жана курал-жарактарды мыйзамсыз жүгүртүүгө, адам сатууга жана чек ара аралык мүнөздөгү башка кылмыштарга каршы күрөшүүдө кызматташтыкты күчөтүүгө бурулду.

Ошондой эле киберкылмыштуулуктун  өсүп жатканы жана заманбап санариптик технологиялардын мыйзамсыз максаттарда колдонулушу айтылды. Бул багытта маалыматтарды ыкчам алмашуунун, өз ара аракеттенүү механизмдерин өркүндөтүүнүн жана жаңы чакырыктар менен коркунучтарга өз убагында чара көрүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленди.

Жолугушуунун катышуучулары КМШга мүчө-мамлекеттерде коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылууга багытталган  укук коргоо чөйрөсүндөгү кызматташтыктын башка багыттары боюнча да пикир алмашты.

Последние новости