www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Азаттык" радиосунун Бишкектеги кеңсесинде өтүп жаткан журналист Уланбек Эгизбаевди эскерүү жыйынына экс-президент Роза Отунбаева баштаган саясатчылар, президенттин жана өкмөттүн аппаратынын өкүлдөрү, министрлер, депутаттар, журналисттер жана аны тааныгандар катышууда.

Курч иликтөөлөрү менен таанылган журналист, "Азаттыктын" кабарчысы Уланбек Эгизбаев 22-июлда Ысык-Көлгө эс алууга барган жеринен сууга чөгүп, кийин Чолпон-Ата шаарында ооруканада каза болду. Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы журналист кырсыктаган “Акун” пансионатына тергөөчүлөр тобу жөнөтүлгөнүн маалымдады. Окуяны министрлик көзөмөлүнө алды.

Уланбек Эгизбаевдин сөөгү 24-июлда өзү туулган Кочкор районунун Көк-Жар айылында коюлат. Журналисттин тажиясы саат 10.00дө болот. Учурда маркумдун сөөгү соттук-медициналык экспертизадан өткөрүлүп жатат.

Уланбек Эгизбаев 1990-жылы Нарындын Кочкор районунда туулган. Ал 2013-жылы Кыргыз-түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин, 2015-жылы БГУнун саясат таануу багыты боюнча магистратурасын аяктаган.

https://www.facebook.com/azattyk/videos/1937273853003867/UzpfSTExMDkzMjk2OTkxMDE0NDE6MjA3MTk2MDE1OTUwNTA1Mg/

Булак: NazarNews.kg

Последние новости