www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Сооронбай Жээнбеков Уланбек Эгизбаевдин дүйнөдөн мезгилсиз кайтканына байланыштуу көңүл айтты.

“Таланттуу журналист Уланбек Эгизбаевдин күтүлбөгөн жерден кайтыш болгону тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. 
Маркум Уланбек Эгизбаев жаштыгына карабастан, мааниси терең, далилдүү фактыларга таянган журналисттик иликтөөлөрүндө коомдогу курч маселелерди көтөрүп, өлкөнү мите курттай соруп келаткан коррупцияга каршы күрөштө мамлекетибизге чоң колдоо көрсөтүп келди. Ал өз материалдарынын социалдык, моралдык жана саясий натыйжалары үчүн жоопкерчиликти өзүнө ала билген кесипкөй калемгер болчу.

Жаш журналистти шум ажал арабыздан алып кетпегенде, келечекте дагы далай жемкорлордун чыныгы жүзүн ашкерелеп, далай кыңыр иштердин бетин ачмак! Тилекке каршы, журтубуз, кыргыз журналистикасы коомубуздагы терс көрүнүштөргө каршы тайманбай күрөшкөн таланттуу жаш калемгерден айрылды.
Уланбек инимдин бир туугандарына, ата-энесине, жакындарына жана “Азаттыктын” чыгармачыл жамаатына терең кайгыруу менен көңүл айтам. 

Уланбек Эгизбаевдин ысымы кыргыз журналистикасынын тарыхында сакталып калат. Анын активдүү жарандык позициясы жана бийик кесипкөйлүгү жаш муундар үчүн үлгү болот” деп айтылат мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековдун көңүл айтуусунда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости