www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Шавкат Мирзиеев кол койгон жарлык менен атомдук энергетиканы тынчтык максатында колдонулушуна байланыштуу иштерди аткара турган Өзатом атомдук энергетиканы өнүктүрүү агенттигинин курулушун бекитти.

Жарлык боюнча министрлер кеңешине караштуу иштей турган агенттик өлкөдө ядролук энергетиканын өнүктүрүлүшү, колдонулушу жана бул тууралуу мамлекеттик саясаттын түзүлүшү, стратегиянын белгилениши жана ишке ашырылышынан жооптуу болот.

Агенттик атом энергиясын тынчтыкчыл максатта колдонуу тууралуу түзөтүүлөрдү жана мыйзамдуу базисти түзүп, сектордун чет элдик инвесторлорду тартуусу үчүн керектүү чөйрөнү  даярдайт.

Атомдук энергетикага байланыштуу келишимдерге кол коюу жоопкерчилигине ээ боло турган агенттик атомдук билим жана технологиялардын өнүктүрүлүшүнө карата илимий изилдөөлөр жана жаңычыл проектилерди ишке ашырат.

Агенттик өзгөчө иликтөө реакторлору, атомдук физикалык базиси, атомдук күйүүчү май жана радиация булактарын коргоо, атомдук таштандыларды жок кылуу жана атомдук коопсуздуктун курулушу тууралуу иштерди аткарат.  

Агенттик тарабынан атомдук энергетика тармагында кызмат кыла турга кызматкердин жетиштирилиши максатында өлкө тышына адис жиберилет. Эл аралык атом энергетика агенттиги жана башка эл аралык мекемелер менен кызматташтык түзөт.

Жарлыкка караганда министрлер кеңеши 1 -  октябрга чейин «Атомдук энергетиканы тынчтыкчыл максатта колдонууга» карата мыйзамды даярдап бекитүү үчүн парламентке сунуштайт.

Өзатом жылдын акырына чейин өлкөнүн 10 жылдык атомдук энергетика консептин 2019 – жылы 1 -  июнга чейин атомдук инвестиция проектилерин 2019 – жылы 1 -  ноябрга чейин атомдук энергетикага карата мамлекеттик программа долбоорун даярдайт.

Өзбекстан өкмөтү 2017 -  жылы декабрь айында орус атомдук энергетика фирмасы Росатом менен химиялык энергетиканы тынчтык максатында колдонуу тармагында кызматташтык келишимине кол койгон болчу. Келишимдин негизинде Росатомдун Өзбекстанда VVER-1200 реактордуу «3» версиялуу эки блоктон турган бир атомдук станциясын бүтүрүп 2028 – жылдан мурда ишке киргизилиши пландалууда.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости