www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Башкы тергөө башкармалыгы Бишкек шаарынын мурдагы мэри Албек Ибраимовго Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинде (“Коррупция”) каралган кылмыш белгилеринин негизинде жаңы айыбын угузду. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка караганда, Ибраимовго бул айып жеке жана юридикалык жактарга муниципалдык жер участокторун пайдаланууда коррупция фактысы боюнча иликтенип жаткан кылмыш иштеринин алкагында тагылды.

Тергөөдө белгиленгендей, Албек Ибраимов пайда көрүү максатында өзүнүн жеке ыйгарым укугун пайдалануу менен Бишкек шаарынын түштүк аймагында жайгашкан муниципалдык жер тилкелерин мэриянын башка кызмат адамдары менен менчикке берүү боюнча кылмыштуу схемасын уюштурган. Ошол эле учурда ири өлчөмдө акчалай пайда алуу максатында жер участокторун өздөрүнө тиешеси бар тараптарга каттатышып, алар аркылуу башка жактарга сатышканы аныкталган.

Ибраимов учурда УКМКнын тергөө абагына камалган. Ал “Дастан” ишканасынын жетекчиси болуп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү “Күнөстүү жээк” пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген жана Бишкектин түштүк четинде беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар деп шектелип 19-июлда кармалган. Ошол эле күнү Албек Ибраимовдун бөгөт чарасын Бишкектин Биринчи май райондук соту карап, аны тергөө аяктаганча, 29-августка чейин камакка алган.

13-июлда Бишкек шаардык кеңеши Ибраимовго ишеним көрсөтпөө тууралуу чечим кабыл алган. 19-июлда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу менен ал иштен алынган. Мэрдин милдетин азыр анын орун басары Бакытбек Дүйшембиев аткарууда.

Булак: "Азаттык"

Последние новости