www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Азаттыктын” чыгаан журналисти Уланбек Эгизбаевдин 28 жашында бул дүйнөдөн көз жумуп кеткендигин оор жоготуу менен кабыл алдык.

Улан, кичипейилдигиң, акылдуулугуң эч кимде жок адамдык сапаттарың бар эле. Бир нерсени айтканда жылмайып, тамашаны туура кабыл алып койгон жан элең. "Азаттыктын" аброюн алдыга тартып, канчалаган кылмыштардын бетин ачтың. Сени баарыбыз жакшы көрчү элек. Көзүбүздөн аккан жаш мөлт этип агып, кабыргабыз кайышып турат. Алтыным Улан, тилекке каршы биз кыргыздын бермети, сыймыгы болгон көз жоосун алган Ысык-Көлүбүздүн суусуна чөгүп, тиги дүйнөгө кете бердиң. Кантип, кандайча чөктүң, өлүм алдында көз алдыңда эмнелер тартылып, эмнени эстедиң баарыбызга табышмак...

Улан, сени ошол тарапка кайсы ажал жетеледи экен. Кырчындай өмүрүңдү өлүмгө алмаштырган кандай шум ажал! Жараткан, кырчындай мезгилде арабыздан сууруп кеткен, кыргыздын бактысына жаралган Улан инибизди сурагы жок кабыл алып, тиги дүйнөдөн бейишин берсин. Уланбек Эгизбаевдин ата-энесине, жубайына, жакындарына жана "Азаттыктын" жамаатына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

NazarNews.kg маалымат агенттигинин жалпы жамааты

Последние новости