www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тышкы коркунуч жана сырттан келген чалгынчылардын иштерине бөгөт коюу ички иштер органдарынын милдетине кирбейт. Бул тууралуу ички иштер министри Уланбек Ниязбеков билдирди.

Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары «Сапат» лицейлер мекемесинин президенти Орхан Инандынын Түркияга чыгарылып кетиши боюнча укук коргоо органдарынын маалыматын угуп жатат.

«6-июлда Орхан Инанды Түркиянын атайын кызматтары тарабынан чыгарылып кеткени туурасында маалымат тарап, ар кандай ой-пикирлер жаралган. Бул жерде маанилүү нерсени белгилеп кетейин, мыйзамга ылайык, өлкө ичиндеги жалпы коомдук-коопсуздук ички иштер органдарына жүктөлгөн. Эл эми сырттан келген коркунучтарга жана чалгындоо иштерине бөгөт коюу ички иштер органдарынын милдетине кирбейт», — деди Ниязбеков.

Ошондой эле ал тергөө учурунда Инанды чек ара аймагынан өтпөгөндүгү боюнча кагаз жүзүндө расмий тастыктамалар алынгандыгын белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости