www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 6-июлда Кыргыз өлкөсүнүн Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын тышкы иштер министринин орун басары Явуз Селим Кыран менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

"Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын Тышкы иштер министрлигине Кыргыз жараны Орхан Инандынын жүргөн жери жөнүндө маалымат берүү жана консулдук кызматкердин ага кирүүсүнө мүмкүнчүлүк берүү өтүнүчүн билдирген.

Явуз Кыран Түркиянын Тышкы иштер министрлиги кыргыз тараптын өтүнүчүн Түркиянын Юстиция министрлигине жөнөтөрүн билдирди. Ошол эле учурда ал Орхан Инанды Түркиянын жараны экендигин жана анын жүргөн жери жөнүндө маалыматы жок экендигин белгиледи", - деп жазылат билдирүүдө.

Орхан Инанды Кыргыз жараны жана көп жылдан бери Кыргыз өлкөсүндө иштеп, жашап келген. Ал ушул жылдын 1-июнунан бери дайынсыз болуп жаткан. 5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Орхан Инанды атайын операциянын негизинде колго түшүрүлүп, Түркияга жеткирилгенин кабарлаган.

6-июлда президенттин тапшырмасы менен Тышкы иштер министрлиги Түркиянын Кыргыз өлкөсүндөгү ыйгарым укуктуу элчиси Ахмет Доганга Орхан Инандыны кайтарып берүү боюнча нота тапшырган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости