www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан шайлоочулардын добуштарын сатып алууга шектүү катары жарандар кармалышып, тергөө кызматына алынып келинди. Бул туурулуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалымат боюнча, 2021-жылдын 7-июль күнү, саат 11.37 чамасында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан «шайлоочулардын добуштарын сатып алуу» болуп жаткандыгы маалымат келип түшүп, ал маалыматты текшерүү учурунда Ош шаарынын Жумабаев көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен аталган шек менен Ош шаарынын тургундары 1980-жылы туулган И.Х., 1959 –жылы туулган Р.Ш. жана 1959-жылы туулган Л.Б. кармалышкан.
Алардын бири 1980-жылы туулган И.Х.нын жанынан 115 миӊ сом акча жана ошол аймакта жашаган шайлоочулардын тизмеси чыккан. Бул тергөө кызматына алынып келинген жарандар келе жаткан шайлоого катышып жаткан бир партиянын тарапташтары болушкан.
Учурда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынынын тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын жазык кодексинин 192-беренесинин белгилерине ылайык сотко чейинки өндүрүш иши башталды.
Булак: NazarNews.kg