www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ушунча болду кимдин ким экенин айтайын. Ташы калдыбы. Орханга жан тарткандын баары өзү же баласы-кызы билим алгандар. Болбосо бул киши тургай, чет өлкөдө кулчулукта жүргөн кыргыздар толуп жатат. Эмнеге кыргызды кыргыздын тагдыры ойлондурбайт?
Буга чейин дагы Кыргызстандык башка улуттун өкүлү тууралуу ызы чуу болгон, эсиңердеби?
Кыргыз деген тамактын ырыстуусун өзү жебей, коногуна берген калк. Заңгыраган тамды салып коюп, ага конок келгенде кирип, өзү времянкада жашаган калк. Машинасын оңдоткону барса дагы кыргыз менен гана соодалашып, башка улуттун өкүлү айткан баасын берет. Кыргыз деген ашыкча чыгымды жакшы көрүп, бул жагынан атаандашып, бирөөгө мактанганды жакшы көргөн калк. Кыргыз жамандык менен жакшылыкта дагы ырыс кесээр калк. Үзүлүп жатып кредитке той берет.
«Турецкая качество» деп, Кыргыз гана кымбат алат кийимди. Болбосо өзүбүздө тигилген кийимден сапаты жагынан айырмасы деле жок.
«Турецкая качество» деп, кымбат билим алгандар дагы кыргыздар. Болбосо мамлекеттик мектеп менен билим сапаты бирдей эле. Болгону сервис. Алар шарт түзүп койгону эле болбосо, мугалимдери ошол эле кыргыздар. Эгер ошол мугалимдер мамлекеттик окуу жайдан ошончо айлык алса, өзүбүз эле жеп салмакпыз. Эмнеге мынча айлык алышат? - деп.
Айына 3000$ төлөп окутууга даярбыз. Мунун баары ишенип коюңуздар, жөн гана гонка, мактануу, атаандаштык! Ары жок десе жарашат бизге. Салыштыра келгенде жөнөкөй мектепке төлөгөн чыгым менен түрк лицейиники бирдей эле болуп калат экен. Деп сооронгондор да бар. Андай эмес тууганым. Түрк лицейине кеткен чыгым Кыргызстанда калбайт.
Түркияга кетип жатат акчалар. Мамлекеттик мектепке төлөгөн акча мамлекетте калат. Орусия, Америка, Түркия ачкан окуу жайлар жаман эмес бирок, идеалогия деген бирдиктүү билим берүү системасынан башталат да. Биз ошон үчүн чар жайыт болуп жатпайбызбы. Бирибиз Американы, бирибиз Россияны, бирибиз Түрктү сүйүп. Келгиле Кыргызды, Кыргызстанды сүйүүгө салым кошолу.
Түрктөр уюштуруу жагынан бизден алда канча таланттуу келишет экен. Болбосо Сапат, Манасты бүткөн окумуштуу же коомдук ишмер көргөн эч ким жок. Адатта бул жакта окугандар күн карама болуп калышат. Баары эмес бирок, жылына 500 окуучу бүтсө ошонун ону гана ийгилик жаратат экен. Жаратканда дагы чет өлкөгө кетет. Үй-бүлөсүн бакканга жарайт. Мамлекеттик кызматкер боло алышпайт. Билим берүү министрлиги коңгуроо какпаса кеч болуп баратат. Биз балдарыбызды өз колубуз менен көз көрүнө жоготуп жатабыз!
Замир Казакбаев, журналист
Булак: NazarNews.kg