www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Бир Бол" фракциясынын депутаты Улугбек Ормонов Өзгөн районундагы жер көчкүдөн улам жергиликтүү тургундарды башка жерге көчүрүү боюнча маселесин көтөрдү.

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында КРнын Жогорку Кенешинин 2017-жылдын 20-апрелиндеги П№132-VI протоколдук тапшырмасы жөнүндө маселе каралды.

Аталган маселенин демилгечиси “Бир Бол” фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормонов Ош облусунун Өзгөн районундагы жер көчкүлөрдөн улам жалпысы 31 адам каза болгондугун эске салып, бүгүнкү күндө жаратылыш кырсыгынан жапа чеккендерге көрүлүп жаткан чараларга токтолду. Анын белгилөөсүндө, КР Өкмөтү тарабынан Өзгөн районун Зергер айыл өкмөтүнө караштуу Ничке-Сай айылынын тургундарына көчүп, там салууга Жаман-Адыр аймагынан кайракы жер бөлүнүп берилүүдө. Бирок айыл тургундары бул жерден эмес, Жазы айыл өкмөтүнүн карамагындагы сугат жерлерден там салууга жер тилкесин берүүнү өтүнүп жатышат. Кайракы жерди көрүп келген депутат У.Ормонов бийлик убада кылгандай бул аймактан ичүүчү дагы, сугат суусу дагы азырынча чыгышы кыйын экенин баса белгиледи. “Мындан сырткары, бул жерге көчө тургандардын үлүш жерлери менен жайыттары 50 км алыстыкта калып калууда. Андыктан, жергиликтүү эл жок дегенде барып дыйканчылык кылганга ыңгайлуу болгон 25 км алыстыктагы Жазы айыл өкмөтүнө караштуу сугат айдоо жеринен жер суроодо”,- дейт депутат.

Жыйынга катышып отурган КР Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов жер сурагандардын арасында мурда кооптуу аймактан көчүп, там-тарак салам деп ссуда жана жер үлүшүн алгандар дагы бар экенин маалымдады. Депутат Улугбек Ормонов мурда жер үлүшү менен катар ссуда алгандарга кайрадан мындай жардамдар көрсөтүлбөстүгүн билдирди.

Жыйынтыгында кооптуу делген аймактардан көчүрүлүп чыгуучу элдин саны арбын экени (1710 үй-бүлө) белгиленип, КР Өкмөтү бөлүп берип жаткан жерден сырткары, Ничке-Сай айылынын тургундары койгон маселени дагы кошумча кароо тапшырмасы берүү боюнча чечим кабыл алынды. Кайракы делген жерге суу чыгаруу зарылдыгы бул чечимге дагы белгиленмей болду.

Булак: «NazarNews.kg»

Последние новости