www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 29-июнда парламенттин жыйынында “Автомобиль жолдору жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору экинчи окууда каралып жатат. Мыйзам долбоорунда жаңы салынган жолдорго 5 жылдан кем эмес, калыбына келтирилген жолдорго 3 жылдан кем эмес кепилдик мөөнөтүн берүү сунушталууда. 

Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов акыркы 10 жылда оор жүк ташуучу автоунаалар кескин көбөйүп зыянын тийгизип, жаӊы курулган жолдор тез бузулуп жатканын айтты. 
 “Бир Бол” фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормонов оор жүк ташуучу автоунаалар жолдорго гана эмес, экологияга да чоң зыян келтирип жатканын баса белгиледи. 

“Тилекке каршы күйүүчү майларды ташуучу унаалар Чычкан капчыгайындагы сууга аңтарылып кеткен учурлар көп катталып жатат. Мындан улам экологиялык маселелер да жаралууда. Күйүүчү майларды ташууну темир жолго толук өткөрүү керек” – деди эл өкүлү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости