www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев баардык саясый күчтөрдүн тамырын тартып, колдон келишинче жылуу мамиле түзүүнүн үстүндө иштеп атат. Кайсы тарап күчтөнүп кетсе, ошол жагына оогонго даярбы? Эң кызыгы, ал өзү да шайлоого аттанууга ниет кылганын божурап, бирок расмий түрдө жарыш кыла элек.

Кыязы, «соодалашуу» жагын байкап атса керек. Дагы бир жагдайы, Сатыбалдиев буга чейин Жээнбековдордун үй-бүлөсүнө «таш ыргытып», жамандап жүргөнү саясый элитанын тар чөйрөсүндө кызуу кеп болууда. Муну Соке деле билет экен.

Кыскасы, бийлик менен «Мистер 10%» каймана атындагы баатырыбыздын мамилеси эчак эле бузулганы, эгер чындап келсе Ош, Жалал- Абадды кайра калыбына келтирүү дирекциясындагы былыктары көтөрүлүп, кылмыш иштери козголушу мүмкүндүгүн да эскерткендер бар. Табиятынан сак Жантөрө аке эми кайсы жолду тандайт болду экен?..

Булак: “Азия Ньюс”

Последние новости