www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 9-мартта Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйыны өтүүдө. Анда Жарандык авиация тармагындагы жасалып жаткан иштер тууралуу маалыматтар айтылып жатат.
Депутат Улугбек Ормонов жыйынга Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министри Гүлмира Абдралиеванын келбегенин айтып нааразы болду. “Министр комитеттин жыйынына катышып, угуп кетиши керек эле да. Ал министр болгондон бери бир дагы комитеттин жыйынына келген жок”, – деди эл өкүлү.
Жыйынга келген министрдин орун басары Гүлмира Абдралиеванын келбеген себебин түшүндүрдү. “Жакында Өзбекстанга боло турган иш сапардын алкагында Өкмөттө жыйын болуп, ага катышып жатат”, – деди ал.
“Жыйынга “Манас” эл аралык аэропорту” ачык акционердик коомунун башкармалыгынын башчысы да келген жок, министр да жок, андай болсо комитеттин жыйынын өткөбөй эле койбойлубу?! Аларга кереги жок болсо, бизге дагы кереги жок!”, – деди Улугбек Ормонов. Ал келбеген аткаминерлердин кылган мамилелерине нааразы болду.
Алдын ала маалыматка ылайык, “Манас” эл аралык аэропорту” ачык акционердик коомунун башкармалыгынын башчысы “Кербен” аба майданы боюнча инвесторлор менен жолугушуу үчүн жыйынга келбей калган.
Булак: NazarNews.kg