www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
- Баткен облусундагы чек ара аймагында жашаган жергиликтүүлөрдөн кабар алып келдиниз. Андагы элдин маанайына, ой-пикирине токтолсонуз?
- Негизинен жалпы элдин маанайы жакшы эмес десем болот. Аларда бүгүн деле кооптонуу, чочулоо бар. Үйлөрү өрттөнгөн жарандарга анда жашаш кыйын болуп калды. Ошондуктан, алар мамлекет үйлөрүбүздү башка жакка куруп берсе деген ойлорун айтышууда. Ал эми азыркы өрттөнгөн үйлөрдү «өз күчүбүз менен чакан кылып тургузуп, дача катары колдонсок деп жатышат. Эгер кандайдыр бир жаңжал чыгып кетсе, коопсуз аймактарга курулган өз үйлөрүбүзгө кача тургандай болсок дегендер бар.
- Туруксуз жашоо турбайбы. Эгер мамлекет тарабынан эл айтып жаткан пикирлер эске алынса, анда чек apa аймагындагы абал кандай болуп калат?
- Албетте, ал жерлерди биротоло таштап кетүүгө болбойт. Анткени, тажиктердин көздөгөнү ошол болуп жатат да. Муну жергиликтүү калк дагы түшүнүп турат. Ошондуктан, жергиликтүүлөр мамлекет тарабынан коопсуздукту камсыздоо, чек араны чечүү маселелерин кутуп жатышат. Жерибизди сактап калуу үчүн мамлекет жарандардын тынч жашоосуна болгон күч-аракетти жумшап, коопсуздук чараларын толугу менен чечип берет деген ишеничтемин.
- Жергиликтүүлөрдүн арасында өз жеринен таптакыр эле көчүп кетип жаткандар жок бекен?
-Ал жактын жашоочуларына башыбызды ийип, таазим кылсак болот. Алар киндик каны тамган жеринин баалуулугун жогору койгон адамдар экенине баа берем. Анча-мынча кеткендер бар болгону менен дээрлик бардыгы эле ошол жерди коргоп, эч кимге бербейбиз деген эл.
- Эл тарабынан чогулган гуманитардык, акчалай жардамдарды даректүү пайдалануу жагы кандай болуп атты экен?
- Мен бардыгына жооп бере албайм. Өзүбүз дагы чогулуп, 21 миллион сомдон ашык суммадагы ар кандай жардамдарды көрсөттүк. Ал жардамдар даректүү берилип жатты. Ал эми жалпы элден атайын фондго тушкон акчалай каражаттардын (эсеби ачык-айкын болушу керек. Анын отчёту толук берилбесе, анда Дача-СУга берилген жардамга окшоп, эл арасында ишенбестик орун алат.
- Эки элдин жөнөкөй тургундарынын, кошуналарынын арасындагы мамилелерде өзгөрүүлөр барбы?
- Мен сизге мындай түшүндүрөйүн. Мисалы, Ак-Сай менен Ворухтун ортосунда кадимкидей асфальт көчө бар. Тажиктин дагы, кыргыздын да дарбазасы ошол көчөгө чыгат. Алардын ортосу ашып кетсе 8-10 метрге жетет. Эми ошол тажик тараптын үйүнүн дубалында кадимкидей автомат менен атканга ылайыкталган тешиктер көрүнүп турса, алар менен кандай мамиле болушу мүмкүн?..
- Аны ошол жерде жашаган жөнөкөй тургундар жасаганбы?
- Менин оюмча, муну жергиликтүү тажикстандыктар эмес, атайын уюшулган топтор бийликтин уруксаты менен жасаган. Анткени, ошол окуяларда бейтааныш адамдардын көп болгондугу жөнүндө да айтылууда.
Булак: Азия News гезити