www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эл өкүлү Примов баш болуп "сүйүнчүдөн" үнөмдөп калуу сунушун айтып, элдин кыжырына тийсе, эл үчүн иштеген министр Улукбек Кочкоров "сүйүнчүнү" тез арада берүүнүн кыска жол-жобосун иштеп чыгып жатат. Балага "сүйүнчү" тууралуу Улукбек Кочкоров төмөндөгүлөрдү билдирди.
- Мен, 14-ноябрь күнү атайын балага сүйүнчү алуу процесси менен таанышуу максатында Мамлекеттик каттоо кызматынын Медеров көчөсүндөгү калкты тейлөө борборуна барып, таанышып келдим. Электрондук кезекке туруп, арызды берип кетүү 10-20 минутаны талап кылат экен. Андан кийин биздин министирликтин процедуралары 7-10 күндү түзөт экен (арызды обработка кылуу, начисление, заявка на финансирование, казначейство, зачисление на счет в банке). Ушул күндө биздин буйрук менен ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлүп, балага сүйүнчүнү 2-3 күндө төлөнүп берүү жагы иштелип жатат. Жарандарыбыз тараптан ар кандай пикирлер айтылып жаткандыктан, маалымат берип коюну туура көрдүм. Баса, ата-энесинин паспортунан, баланын күбөлүгүнөн жана банктык эсептин реквизитинен башка эч бир документ талап кылынбайт.
Булак: NazarNews.kg