www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов Чүй облусуна жумушчу сапарынын алкагында Орто-Токой суу сактагычына жана Чүй облусунун суу чарба объектилерине барды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

«Мен бул объектилерге жер-жерлердеги абал менен жеке таанышуу үчүн атайын келдим. Суу кое берилип жатат, бирок суунун көп бөлүгү жолдо жоготууга учурап жатат. Бул коңшу өлкөгө сууну агызып жаткандыгыбыз, же айрым дыйкандардын талааларына суу берилип жаткандыгы менен байланыштуу эмес. Чу дайрасынын нугундагы жогорку фильтрацияга байланыштуу суу ресурстарынын тартыштыгы көйгөйүн чече ала турган ондогон кубометр суулар жоготууга учурап жатат. Ошондуктан биз келечекте сууга байланыштуу көйгөйлөр болбошу үчүн ыкчам тартипте чечим кабыл алышыбыз керек», - деди Улукбек Марипов.

Тактап айтканда, Орто-Токой суу сактагычынан секундуна 120 кубометр көлөмдөгү суу кое берилсе, анын 110 кубометри Чүй облусу үчүн каралган. Чыгыштагы Чоң Чүй каналынын башкы суу курулмасына болжол менен 80 куб метр суу жетет, 30 куб метр суу фильтрацияга кетет. Бул суунун толтурулгус жоготуусу.

«Учурда Чүй өрөөнүнүн сугат тутумун өнүктүрүү боюнча долбоорду ишке ашырууну тездетүү маанилүү. Кеп түштүк Чоң Чүй каналын куруу тууралуу жүрүүдө. Ал үчүн биринчи кезекте Чүй каналынын айланып өтүүчү экинчи бутагын куруп баштоо керек. Ошондо суунун жоготуусу орун албайт», - деп белгиледи Министрлер Кабинетинин башчысы.

Улукбек Марипов жакын арада түштүк Чоң Чүй каналынын курулуш долбоору боюнча сунуш киргизүүнү жана курулуш иштерин баштоону тапшырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости