www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай Эл Республикасындагы Кыргыз Республикасынын элчиси Канайым Бактыгулова «JD.com» компаниясынын түзүлгөн күнүнө катара штаб квартирасына барды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы талкууланды

Маалыматка ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө элчи К.Бактыгулова компаниянын жетекчилиги менен жолугушуп, эки өлкөнүн ортосундагы транс чек аралык электрондук сооданы өнүктүрүү боюнча кызматташуу, ошондой эле кыргыз продукциясын Кытайдын рыногуна илгерилетүү үчүн аталган интернет-аянтчаны пайдалануу маселелерин талкуулашты.

Электрондук соода жаатындагы биргелешкен долбоорлорду мындан ары практикалык түрдө жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Кытайдагы элчилиги менен «JD.com» компаниясынын ортосундагы өнөктөштүк жөнүндө меморандумга кол коюу аземи болуп өттү.

Иш-чаранын жыйынтыгында, Кыргыз Республикасынын КЭРдеги Элчилиги жемиштүү кызматташтыгы үчүн сыйлык менен сыйланып, «мыкты өнөктөш» категориясында сыйлыкка ээ болду.

Маалымат үчүн: “JD”, онлайн коммерциялык компания, Кытайдагы B2C ири компаниялардын бири. “JD” колдонуучуларынын саны 400 миллионго жакын адамды түзөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости