www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улукбек Марипов дагы чет мамлекетке кеттиби?

Бүгүн, 29-апрелде өкмөт үйүнүн алдында Баткендеги чек ара чырына байланыштуу митинг өткөрүп жатышат. Алар өкмөт башчы Улукбек Мариповдун Төрт-Күл боюнча айтканына түшүндүрмө берүүсүн талап кылышууда.

Социалдык тармактын колдонуучулары Улукбек Марипов чет мамлекетте экенин жазышууда.

Өкмөттүк аппараттын маалымат менен камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерине бир канча жолу байланыштык, бирок алар жооп берген жок. 

Кечээ, 28-апрелде Кыргыз-Тажик чек арасындагы абал кайрадан курчуду. Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, алгач тажик жарандары эки өлкөнүн кесилишкен жеринен шагыл жүктөөгө аракет кылышса, кийинчерээк "Головной" суу алуучу жайына тажик чек арачылары көзөмөл камераларын орнотушкан. Буга нааразы болгон кыргыз тарап камераларды алып салууну талап кылып, ортодо эки тараптан 100-150 тургун чогулуп, чыр чыккан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости