www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улукбек Марипов инисин кызматынан кетирди

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов кол койгон буйрукка ылайык, Марипов Бакытбек Асамидинович Ош облусунун Ноокат районунун мамлекеттик администрация башчысы – акими кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Белгилесек, бул Улукбек Мариповдун Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматындагы алгачкы чечимдеринин бири. Чечим Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 89-беренесинин 7-пунктуна ылайык, кызыкчылыктардын кагылышын жокко чыгаруу максатында кабыл алынды, себеби Бакытбек Марипов учурдагы Өкмөт башчынын бир тууган иниси болуп саналат.

Мыйзамга ылайык, жергиликтүү бийлик органдары аткаруу бийлигинин бир бөлүгү болуп саналат жана түздөн-түз Премьер-министрге баш ийет.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун «Мамлекеттик кадр саясаты жөнүндө» Жарлыгынын негизги багыттарынын бири катары жарандардын мамлекеттик жана муниципалдык кызматка бирдей жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга шарт түзүү жана кадрдык маселелерди чечүүдө коррупциялык тобокелдиктерди төмөндөтүү болуп эсептелет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости