www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов мамлекеттик органдарга Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы сел ташкынына байланыштуу өзгөчө кырдаалды жоюу боюнча ыкчам чараларды кабыл алууну тапшырды. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.

Марипов жаратылыш кырсыгынын кесепеттерин жоюуга көмөк көрсөтүү үчүн тийиштүү күч жана каражатты тартуу зарыл экенин айтып, кырсык болгон аймакта санитардык-эпидемиологиялык чараларды аткарууну тапшырган.

«Ошондой эле мамлекет тараптан курман болгон жана жабыркаган жарандардын үй-бүлөсүнө бардык зарыл жардамдар көрсөтүлөт», — деп айтылат маалыматта.

Министрлер кабинетинин төрагасы ӨКМге кызмат өтөөнүн күчөтүлгөн режимине өтүүнү жана зарыл учурда табият кырсыктарынын кесепеттерин жоюуга кошумча куткаруучулар тобун тартууну тапшырган.

Эске салсак, 12-июль күнү кечке маал Аксы районунун Ак-Жол айыл өкмөтүнө караштуу Жолборсту айылында жана Жаңы-Жол айыл аймагындагы Малкалды жайлоосунда сел жүргөн. ӨКМ суу кишилерди агызып кеткенин, анын ичинен алтоонун сөөгү түнкү саат 23:40тар чамасында табылганын билдирген. Бүгүнкү маалыматтарда каза тапкандардын бардыгы бир үй-бүлө мүчөлөрү экени дайын болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости