www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда ички рынокто импорттолгон продукциялардын көптүгү башкы көйгөйлөрдүн бири болуп жатат. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов Оштун Араван районунун фермерлери менен жолугушууда айтканын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Ал мүмкүн болушунча жергиликтүү азыктарды алуу керектигин белгилеген.

«Өсүмдүк майын, кумшекерди, керек болсо ширелерди да биз сырттан сатып алабыз. Ошол эле маалда жергиликтүү алмалар чирип жатат. Өзүбүз чыгарган азыктарды алышыбыз керек. Бул ата мекендик өндүрүүчүлөр үчүн зор колдоо. Келечекке көз чаптырсак, дыйкандар суроо-талап болгон өсүмдүктөрдү гана өстүрүп калат», - деген Марипов.

Премьер-министр мындай учурда өкмөткө фермерлерди таза үрөн жана жер семирткич менен камсыздоо милдети коюларын белгиледи. Анын айтымында, Өзбекстандан арзан баада жер семирткич сатып алуу боюнча кошуна мамлекеттин өкмөтү менен келишим бар.

«Сиздерде таза урук бар экен. Жер семирткич маселесинде мен Өзбекстандын премьери менен сүйлөштүм, биз арзан баада алардан жер семирткич алып келүү боюнча макулдаштык», — деди премьер.

Өкмөт башчысы айыл чарба техникаларынын күйүүчү май көйгөйүнө да токтолду.

«Акыркы маалда күйүүчү май жана дизель отунуна болгон баа өсүп кетти. Бул бүткүл дүйнөлүк тенденция болуп жатат. Баалардын кескин жогорулап кетүүсүнүн алдын алуу үчүн биз мунайды сыртка сатууга убактылуу тыюу салдык», — деди ал.

Марипов жазгы талаа иштери өз убагында жүргүзүлүшү керектигин дагы бир ирет белгиледи.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости