www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүн майрамдоонун урматына жыл сайын бир жолку акчалай жөлөкпул төлөөнү бекитүү жөнүндө чечим кабыл алынды. Өкмөттүн тийиштүү токтомуна премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон, - деп билдирет өкмөттүн маалымат кызматы.

Аталган чечимге ылайык, 1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүн майрамдоонун урматына 9-майга карата жыл сайын жарандардын төмөнкү категорияларына бир жолку акчалай жөлөкпул төлөнсүн:

1) Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына – 20 000 (жыйырма миң) сом өлчөмүндө;

2) Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына – 20 000 (жыйырма миң) сом өлчөмүндө;

3) 1941-жылдын 8-сентябрынан тартып 1944-жылдын 27-январына чейинки блокада мезгилинде Ленинград шаарындагы ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда иштеген жана «За оборону Ленинграда» медалы менен сыйланган адамдарга жана «Жителю блокадного Ленинграда» белгиси менен сыйланган адамдарга – 20 000 (жыйырма миң) сом өлчөмүндө;

4) экинчи дүйнөлүк согуштун мезгилинде фашисттер жана алардын союздаштары тарабынан түзүлгөн концлагерлердин, геттолордун жана башка мажбурлап кармоо жайларынын мурдагы жашы жете элек туткундарына – 20 000 (жыйырма миң) сом өлчөмүндө;

5) Улуу Ата Мекендик согуштун мезгилинде курман болгон жоокерлердин жесирлерине – 15 000 (он беш миң) сом өлчөмүндө;

6) Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында ооруктагы каарман эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланган адамдарга – 15 000 (он беш миң) сом өлчөмүндө;

7) Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында жумушчу колонналарга (эмгек армиясына) мыйзамсыз түрдө күч менен мобилизацияланган жана кийин реабилитацияланган жарандарга – 15 000 (он беш миң) сом өлчөмүндө.

Жыл сайын бир жолку акчалай жөлөкпулду төлөө алган пенсиясынын, жөлөкпулунун, акчалай компенсациясынын өлчөмүнө карабастан, республикалык бюджеттин каражаттарынан жүргүзүлөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости