www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Милицияга байланыштуу мыйзамдарда көп каталар бар”, - деди NazarNews маалымат агенттигине Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев.
--“Милициянын колу-бутун байлаган мыйзам долбооруна Жогорку Кеңештин депутаттары күнөөлү эмес. Бул жөн гана шылтоо. Мисалы, Курсан Асановдун баласын бат эле таап коюшкан. Телефон менен кайсы жерлерде сүйлөшкөн, кайсы тараптарга кетти деп камераларды карап ыкчам эле табышкан.
Мына ошол сыяктуу маркум Айзаданы деле ошентип табышса болмок. Бирок, булар көп көңүл бурбай, издебей коюшкан. Болбосо маалыматтар бар болгон. Мисалы, камера, уюлдук телефондор кыздын жанында болгон экен. Себеби, той болот деген ишеним болгон. Тилекке каршы аягы жаман окуя менен бүттү. Тактап айта кетчү жагдай бул жерде эч кандай мыйзамдын тиешеси жана күнөөсү жок. Негизи эле милицияга байланыштуу мыйзамдарда бир топ каталар бар. Мен анын беренелерине каршы болгом”, - дейт эл өкүлү.
Булак: NazarNews.kg