www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ар бир министр, ар бир чиновник 10-15% үлүштө отурушат. Бул тууралуу депутат Эльвира Сурабалдиева (КСДП) экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин жыйынында билдирди.

Депутат Бельгиянын фонд ачууну каалаган өкүлчүлүктөр менен жолуккан учурда, алар Улуттук банк менен экономика министрлиги кабыл албай жаткандыгын айткан. Депутаттын айтымында, Европалыктар долбоор тууралуу кайрылганда 9 аткаминер үлүшкө отурууну» каалашкан. Бул боюнча: «Мен аларды мекендин саткынчылары катары социалдык баракка жарыялоо үчүн алардын визиткасын сурадым» – деп билдирди.

Ошондой эле эгерде компания ишке кирсе, бир жылдык айлануусу 1,5 млрд. еврону түзмөктүгүн кошумчалап: «Бизге 1,5 млрд. евронун кереги жок да. Бизге акчанын бир бөлүгү кимдир бирөөнүн чөнтөгүндө калуусу кажет да» –, деп "Фабула" гезити өз пикирин коомчулукка жарыялаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости