www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз-тажик чек арасындагы кол салуудан жабыр тарткан жарандарга насыясын төлөөгө жеңилдиктер берилет. Бул тууралуу Улуттук банктын Баткен облусу боюнча өкүлү Акмал Раззаков брифингде билдирди.

Анын айтымында, насыя маселесине байланыштуу Улуттук банктын чечими чыгат.

"Сөзсүз түрдө, бул көңүл сыртында калбайт, кредити барларга жеңилдиктер берилет. Былтыр апрелдеги окуядан кийин банктар көпчүлүгүнүн насыясын кечкен. Быйыл дагы ошондой ниетибиз бар. Быйыл да ушундай чечим кабыл алынат деп ойлойм", — деди Раззаков.

Ошондой эле ал төлөө мөөнөтү келип калган тургундар банктарга кайрылып же кредит боюнча адисине WhatsApp аркылуу кырдаал тууралуу кабардар кылып коюшу керектигин белгиледи. Мындай учурлар эске алынат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости