www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Козуев Улуттук банк доллар курсу менен ойноп жатат деп шек санады.
Эл өкүлү Улуттук банктын жетекчилигин парламентке чакырып жагдай тууралуу кеңири маалымат алууну сунуштады.
"Кечээ биз бул жерде сүйлөгөндөн кийин Улуттук банкта доллардын курсу эки сааттын аралыгында 10 сомго айырма болду. 92 сомдо турган курсту 82 сомго түшүрдү. Коомчулукта Улуттук банк кандай оюндарды жасап жатат деген чоң күмөн жаралууда. Себеби доллардын кунунда стабилдүүлүк болбой жатат. Жер-жерлердеги ишкерлер кандай кылабыз деп сурап жатышат", — деди Козуев.
Андан соң Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов бул маселе боюнча бүгүнкү жыйындын күн тартибине киргизилгенин айтып, тийиштүү кызматкерлер келип жооп берерин белгиледи.
Булак: NazarNews.kg