www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда доллардын курсунун жогорулашына байланыштуу дүрбөлөңгө түшүүгө негиз жок.

Бул тууралуу Улуттук банктын өкүлү Аида Карабаева “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, акыркы күндөрү доллардын курсунун жогорулашына АКШнын Орусияга карата экономикалык санкцияларды киргизгени жана дүйнөлүк базардагы мунай баасынын төмөндөшү себеп болууда.

- Дал ушул факторлор сомдун курсуна таасирин тийгизүүдө. Бирок бул убактылуу нерсе. Кыргызстанда суроо-талап менен сунуш тең салмакталган. Биз абалды талдап жатабыз. Биздин улуттук валютанын курсу кескин түрдө төмөндөп же жогорулап кетпеши үчүн Кыргызстандын акча-насыя саясатынын алкагында керектүү чаралар көрүлөт, - деди Карабаева.

Кечээ Кыргызстанда доллардын курсунун көтөрүлгөнү байкалган. Учурда Улуттук банктын расмий курсу боюнча 1 АКШ доллары 68.96 тыйын болсо, акча алмаштыруу жайларда 69.50 тыйындан сатылууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости