www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жарым жыл ичинде жол кырсыгы көп катталган аймактардын картасы түзүлдү. Маалым болгондой, Жол кыймылынын коопсуздугу башкы башкармалыгы анализ жүргүзүп, Бишкек-Ош, Бишкек-Каракол, Торугарт сыяктуу эл аралык маанидеги жолдордо эки же андан ашык катталган аймактар белгилеп, картасын түздү. Буга карата тиешелүү чаралар да көрүлөрүн маалымдашууда. «Жол крсыктарын азайтуу үчүн дагы кандай аракеттер жетишпей жатат?» деген суроонун айланасында Республикалык МАИ кызматынын мурунку башчысы, юридикалык илимдердин кандидаты Болот Борбиев менен маектештик.

Эл аралык маанидеги чоң жолдордо жол кырсыгы көп каталган аймактар аныкталып, аны менен күрөшүү аракеттери уланып жатат. Сиздин пикириңизде дагы кандай чаралар көрүлүшү керек?

Жол коопсуздугу мамлекеттик деңгээлдеги маселе. Аны ошол деңгээлде карай турган болсок, 3 бөлүмдө карап, ошого жараша аракет кылыш керек. Биринчиси жолдор салынып жаткандагы долбоорлоо. Жол өзү коопсуз болуш керек. Башкача айтканда тиешелүү стандартка жооп бериши абзел. Ошол эле жол чийимдери, жол белгилери, жолдун сапаты, жол чырактар сыяктуу бардык маселе анын ичинде. Анын баары көп каражатты талап кылгандыктан, көп маани беилбей келет. Экинчиден транспорт. Биздеги автомобиль паркынын абалын жакшы билесиздер. Алар коопсуздукка канчалык жооп берет? Андан кийин дагы башкы көйгөйдүн бири айдоочуларды даярдоо. Бул тармакка да өзгөчө көңул бурулушу керек. Мына ушунун баарын бириктирип, бир идеология менен башкарууну жакшыртуу зарылчылыгы турат.

Бизде аракеттер көрүлүп, бир катар жумуштар аткарылып жатат. Бирок жол кырсыктары азайып кеткен жок. Сиздин оюңузча буга эмне тоскоолдук болуп жатат?

Жогоруда айтылган же башка айтылып келген маселелердин ишке ашышына координациялоо алсызыраак болуп жаткандай. Негизи башкаруучу орган бар. Бирок ага дагы каражат, башкаруучу сыяктуу бир нече тоскоолдуктар болуп келет. Менимче, жалпы элге идеология жетишпей, элдин аң-сезими толук ойгонбой жатат. Транспорт каражаттарын жөн эле бир унаа катары көрбөшүбүз керек.  Ал өмүргө коркунуч келтирген чоң булак. Ар бир мамлекеттик орган, ар бир  жаран ошол жоопкерчиликти сезип, ошого жараша жашашы шарт.  Ошондо гана жыйынтык байкалат.

Сиз мына ушул жол маселеси боюнча илимий иштерди жазып келесиз. Чет өлкөлөрдө көп болосуз. Кайсыл мамлекетте уникалдуулук, заманбап жолдорду колдонууда? Биз кандай жаңылыктарды киргизе алабыз?

Бир жылда дүйнөдө жол кырсыгынан 1.5 млнго чейин адам каза болот. Бир миллиондой инсан жаракат алат. Бул өтө чоң жана коркунучтуу статистика. Азыр Европа мамлекеттери нөлдүк санга түшүрөбүз деген максат менен жашап жатат. Мисалы, Швеция мамлекетин ала турган болсок, алар жол кырсыгын кокустук эмес, кыймыл аракеттин жыйынтыгы катары карашат. Бизде дагы ошондой көз караш болушу керек. Эң башкысы фото-видео көзөмөлдү тезинен жана сапаттуу жолу менен ишке ашыруу зарыл.

Маегиңизге рахмат.

Булак: "Марал"

Последние новости