www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасында экономикалык коопсуздукту камсыздоо жана ички валюта рыногундагы жагдайды турукташтыруу максатында, Улуттук банк 2022-жылдын 18-мартында “Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын, алмашуу бюролорунун, микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларынын казак теңгеси менен операция жүргүзүүсү боюнча убактылуу тартип жөнүндө” деген токтом кабыл алды. 

Бул токтомго ылайык, Кыргызстандын коммерциялык банктары, алмашуу бюролору, микрофинансылык уюмдары, 2022-жылдын 19-мартынан тартып, кыргыз сомуна карата казак теңгесин сатып алуу курсун Улуттук банк тарабынан белгиленүүчү кыргыз сомуна карата казак теңгесинин расмий курсунан 70 пайыздан ашпаган өлчөмдө салмактанып алынган тобокелдик коэффициентин эске алуу менен белгилеши керек.  

Ошондой эле, коммерциялык банктар жана микрофинансылык компаниялар ачык валюта позициясынын лимитинин мааниси казак теңгеси үчүн таза суммардык/ өздүк капиталынан бир пайыз өлчөмүндө, Улуттук банк белгилеген тартипте аткарышы керек. 

Улуттук банк тарабынан казак теңгесинин кыргыз сомуна карата расмий курсун аныктоонун учурдагы тартиби өзгөрүүсүз калтырылды. 

Убактылуу тартипти киргизүү валюта рыногуна чет өлкөлүк валюталардын өзгөрмөлүүлүгүнүн терс таасирин минималдаштырууга, ошондой эле валюталык операцияларды жүргүзүүдө зарыл талаптарды жана милдеттенмелерди аткарууга багытталган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости