www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЖМК: Эмомали Рахмон Кыргызстанга кол салууга камынып жатат

Тажиктсандын президенти Эмомали Рахмон Тоолуу Бадахшандагы кыргындан көңүлдү башка жакка буруу үчүн Кыргызстанга кол салууну пландоодо. Бул тууралуу Asia-News.Info агенттиги жазды.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы акыркы жаңылыктарга караганда, 2021-жылдын апрель айынын аягында жергиликтүү тургундардын ортосундагы чыр куралдуу кагылышууга чейин жеткен. Мунун кесепети көп сандаган курмандыктарга, кыйроолорго жана карапайым калкты эвакуациялоого алып келген. Улам кайталанып, чечилбеген чек ара чырынан улам бир жыл мурун болгон окуялардын кайталанышынын ыктымалдыгы жогору.

2021-жылдын ичинде чек арадагы кырдаал салыштырмалуу тынч болгонуна карабастан, 2022-жылдын январь айынын аягында эки өлкөнүн күч түзүмдөрүнүн ортосунда кезектеги куралдуу кагылышуу болуп, анын масштабы жана кесепеттерин, албетте, мурункусу менен салыштырууга болбойт. Бирок Тажикстандын күч түзүмдөрү дагы бир жолу миномётторду колдонуп, Кыргызстандын карапайым калкынын үйүн карай аткан.

Мына, эми жаздын келиши менен Кыргызстандын түштүк чек аралары кайрадан тынч эмес. 10-11-март күндөрү Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда атышуу болуп, тажикстандык бронетранспортерлер чек арага тартылып жатканын жергиликтүү тургундар билдирди.

Украинанын аймагында болуп жаткан согуштук аракеттерге байланыштуу геосаясий кырдаалдын фонунда тажик бийлигинин Кыргызстан менен чек арада кезектеги куралдуу кагылышууну тутантуу аракети кооптуу жана авантюра катары бааланып жатат. Бирок, таң калыштуусу, мунун себептери бар жана максат - Кыргызстан эмес.

Тажикстандын ичинде түзүлүп жаткан кырдаал бийликти - маселе чечүүнүн жолдорун издөөгө, ошондой эле, өз элинин кызыкчылыгын эске албай, таптакыр жапайы кылык-жоруктарды жасоого мажбур кылууда.

Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автономиялуу облусунда кырдаал курч бойдон турат, бул жерде өткөн жылдын ноябрь айынан бери Дүйшөмбү шаарында жергиликтүү тургундардын борбордук бийликке каршы массалык нааразылык акциялары болуп, ачык баш ийбөөчүлүк жана саботаж иштери бир гана автономиялуу облуста эмес, республика боюнча да уланууда.

Орусиялык эксперт Сергей Серенконун айтымында, тажик күч органдары Бадахшандын лидерлеринин бири, өлкөнүн Чек ара аскерлеринин мурдагы жоокери, региондун бейформал лидери Мамадбокир Мамадбокировду жок кылуу планын иштеп чыгууда. Мамадбокиров өзү да бул пландардан кабардар болуп, Дүйшөмбүнүн жанындагы облус башчысынын дарегине ачык эле катуу билдирүүлөрдү жасап, губернаторду шантаж, жергиликтүү активисттер менен лидерлерди куугунтукка алды деп айыптап жаткан көрүнөт.

Мамадбокировдун айтымында, бийликтер аймакка аскер кызматкерлерин жана аскердик техникасын алып кеткен. Бадахшан элинин лидери жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу 30 жылдан бери аймактын тургундары Тажикстандын курамында болгонуна карабастан, өлтүрүлүп, куугунтукталып, кордукка дуушар болгонун ачык жарыялоодо. Ал ачык эле аймактагы элди ынтымакка чакырып, чечкиндүү жооп кайтарууда.

Эгерде буга чейин Дүйшөмбү Тоолуу-Бадахшан автономиялуу областындагы карама-каршылыктарды бүткүл дүйнөдөн жашырып келсе, азыр Мамадбокировдун билдирүүлөрүнөн кийин, ал жергиликтүү тургундарды өз укуктары үчүн күрөшкө чакырып гана тим болбостон, муну менен борбордук бийликке ачыктан-ачык каршы чыгууда. Муну менен Бадахшандын элин бийликке каршы турууга түртүүдө. Бул Тажикстандагы авторитардык режимдин кол тийбестигине шек туудурат.

Эмомали Рахмондун режими мындай эркиндиктерге чыдаганга көнгөн эмес жана чоң масштабдагы өч алуу акциясы алыс эместей көрүнөт. Бирок Тажикстандын президенти оттой корккон дүйнөлүк коомчулуктун сынына кабылбаш үчүн көңүлүн башка жакка бурушу керек. Мына ушул жерден Кыргызстан үчүн чек ара аймагынын «баш оору» темасы ортого чыгат.

Э.Рахмон чек арада кезектеги куралдуу кагылышууну тутандырып, муну аймактык тарыхый адилеттүүлүктү калыбына келтирүү аракети катары баалап, Кыргызстан элин мындан ары дагы азапка дуушар кылары шексиз.

Бирок, ошол эле учурда баш көтөргөн аймактын тургундары толук тазалоого дуушар болуп, дүйнөнү Бадахшандан алаксытуу үчүн Э.Рахмон Кыргызстанга катуураак сокку урууга аракет кылат.

Мунун баары канчалык кынтыксыз угулбасын, Э.Рахмон эбак эле бир чечимге келип, максат - каражатты актайт деген принципти карманып жаткандай.

Белгилей кетсек, Украинадагы согуш башталгандан кийин Тажикстандын ичиндеги кырдаал Россия Федерациясындагы тажик мигранттарынын көйгөйлөрүнөн улам кескин начарлап баратат, алардын акча которууларына өлкөдөгү алсыз тынчтыкты кармап, курч социалдык көйгөйлөр жаралууда.

Ошол эле учурда Рахмондун бийлигин кабыл албай, азыркы бийликти жакырчылык жана коррупция күчөп жатат деп айыптаган бүтүндөй муун өсүп чыкты.

Бул ортодо «Молотов коктейли» ыңгайлуу укбакытты кутуп турат. Ал эми Рахмон тез аранын ичинде кырдаалдан чыгуунун жолун табышы керек, ошондуктан коңшулар жана бадахшандыктар менен башталган согуштарда нааразычылыктын «жарылуучу аралашмасын» колдонууга аракет кылат.

Эске салсак, 12-март күнү, Тажикстандын «Гулистон» өткөрүү бекетинде УКМКга караштуу Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев менен коңшу өлкөнүн УКМКсынын Чек ара күчтөрүнүн командачысы Раджабали Рахмонали жолуккан.

Анда тараптар коопсуздук маселелерин талкуулап, чек аранын биргелешип кайтарган аймагында чыр-чатактын көбөйө баштаганына, 10 жана 11-мартта болгон атышууну талкуулаган.

Жолугушуунун жыйынтыгы менен төмөнкүдөй чечимдер кабыл алынды:

  • эки өлкөнүн чек ара аймагында чыр-чатакка жол бербөөгө багытталган аракеттерди координациялоо боюнча өкмөттөр аралык протоколдор менен макулдашууларды аткаруу жаатында чараларды кабыл алуу;
  • аскер кызматкерлеринин арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
  • тараптар чыр-чатакты алдын алуу үчүн бири-бири менен маалымат алмашып турушу;
  • эки тараптын мыйзамдарында каралган учурлардан башка маалда аскер кызматкерлерине курал колдонууга тыюу салуу.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости