www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусуна жумуш сапарынын алкагында «Эфтар агро комплекс» балык чарбасынын иши менен таанышты. Ишкананын продукциясы ички рынокко, ошондой эле, тышкы рынокко да чыгарылып, Россия Федерациясына экспорттолот. Учурда жылына 60 тоннага жакын балык өндүрүлөт.

Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүү жана экспорттук потенциалды жогорулатуу үчүн өлкөлөрдүн тизмесин кеңейтүү, ошондой эле технологиялык процессти өркүндөтүү жана өндүрүш көлөмүн кеңейтүү боюнча сунуштарды киргизүү зарыл.

Акылбек Жапаров белгилегендей, министрлер кабинети ата-мекендик продукцияны эл аралык рынокко чыгаруу максатында ишканаларга көмөк көрсөтүүгө даяр.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости