www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тергөөнүн жүрүшүндө Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адилет Кубанычбеков мамлекетке келтирилген 51 миллион 220 миң сом зыяндын ордун толтурду, ошондой эле, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча аныкталган фактыларды мойнуна алды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, А.Кубанычбековго карата баш коргоо чарасы үй камагына өзгөртүлдү. «Кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшүндө Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрагасы А.Кубанычбеков тарабынан товарларды импорттоого катышкан жеке компаниялардын кызыкчылыктарын лоббирлөө максатында, алар үчүн жеңилдетилген шарттарды түзүп, бажылык тариздөө мыйзамды одоно бузуу менен, акча каражатын пара катары системалуу түрдө алып туруу үчүн бажы администрациясынан товарларды көмүскө түрдө көзөмөлдөө схемаларын колдонгон фактылары аныкталды», - деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, А.Кубанычбеков жеке баюу максатында, мамлекеттин кызыкчылыгынына карабай, туунду компаниялар тарабынан тышкы экономикалык иштин субъекттери үчүн бажы кызмат көрсөтүүлөрүнүн баасын негизсиз ашыра көтөргөн, деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости