www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Пентагондун башчысы Ллойд Остин CNN телеканалына берген интервьюсунда Орусиянын Украинадагы операциясын Кытай колдогону туура эмес тандоо экенин ачык айтты, деп жазат РИА Новости. "Мен божомолдоого же гипотетикалык ой жүгүртүүгө баргым келбейт. Мен Кытай Орусияны колдобойт деп үмүттөнөм", - деди Остин.
Анын айтымында, согушта Кытайдын Орусияны колдоосу жакшылыкка алып келбейт.
Буга чейин АКШ президенти Джо Байден Кытайдын лидери Си Цзиньпин менен сүйлөшкөн. Мамлекет башчылары видеобайланыш аркылуу эки саатка жакын пикир алмашкан. АКШ администрациясынын жогорку даражалуу расмий өкүлү журналисттерге билдиргендей, Си Цзиньпин менен сүйлөшүүдө Байден эч кандай талап койгон жок, болгону Вашингтондун Украинанын айланасындагы учурдагы кырдаалга көз карашын билдирген.
Ошол эле маалда Америка администрациясынын расмий өкүлү Джен Псаки Украинадагы окуялардын фонунда Кытайдан Орусияга кандай жардам берилсе, анын кесепеттери жаман болот деп эскертти.
Булак: NazarNews.kg