www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы отурумда “Кыргызстан” саясий партиясынан депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен Алмазбек Токторовду чыгаруу чечимин кабыл алды.

Чечим “Кыргызстан” саясий партиясынын тизмеден чыгаруу жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирүүнүн негизинде кабыл алынды.

Алмазбек Токторов  талапкерлердин тизмесинде 43-орунда бараткан.

Бүгүнтөн баштап партиянын чечими менен шайлоо өтмөйүнчө депутаттыкка талапкерлердин тизмесин өзгөртүү мүмкүн эмес. Эгерде талапкер тизмеден чыккысы келсе, анда өзүнүн колу коюлган арызын тапшырышы керек. Талапкер документти БШКга өзү алып келиши керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости