www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экономика министрлигине караштуу банкроттук иштер боюнча департаментинин директорунун орун басары пара берип жаткан учурунда кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 29-сентябрында Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин коррупцияга каршы күрөшүү боюнча чечимин аткаруунун негизинде, Кыргыз Республикасынын УКМК ККК кызматтык бөлмөсүнөн кызматтагы адамга 100 миң сом өлчөмүндө пара берип жаткан учурунда Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы банкроттук иштер боюнча департаментинин директорунун орун басары «Б.Э.А.» кармалды.

Белгилей кетсек, кармалган адам банкроттук уюмдардын активдерин төмөн баада алуу үчүн туруктуу коррупциялык схема түзүп алган. Департаменттин атайын администратору ишкананын активинин наркын төмөндөтүү боюнча мыйзамсыз иш-аракеттерге катышуудан баш тарткандан кийин, анын функцияларын көзөмөлгө алынган кызматкерге өткөрүп берүү максатында ага карата банкроттук жол-жобону киргизүүгө, акыркы ишканалардын биринин атайын администрациясынын ыйгарым укуктарын өз ыктыяры менен кетирүү үчүн көрсөтүлгөн каражаттарды сунуштаган.

Мындан сырткары, кармалган «Б.Э.А.» кызматтык бөлмөсүнө тинтүү жүргүзүлгөн учурда 1 миллион 331 миң 300 сом өлчөмүндөгү акча каражаты табылган, ал акча каражаттарынын кайдан келгендиги аныкталып жатат.

Сотко чейинки өндүрүштүк материалдар Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 328-беренеси ("Пара берүү") боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалган адам Кыргыз Республикасынын УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости