www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Каржы уюмдарынын коопсуздугу үчүн акча каражаттарын которууну камсыз кылган улуттук жана эл аралык төлөм системаларынын иши убактылуу токтотулду. Улуттук банк каржы уюмдарын каржылык кызмат көрсөтүүлөрдү, төлөм системаларын онлайн форматка өткөрүүнү сунуштады.

Маалыматка караганда, өлкөнүн каржы-банк тармагынын коопсуздугун жана каржы-насыя уюмдарынын активдерин сактоо максатында, Улуттук банк каржы уюмдарын ишин 7-октябрда да токтото турууну сунуштады. Ошондой эле өлкөдө саясий кырдаал турукташканча коопсуздук чараларын күчөтүүгө чакырды.

Ага ылайк,  учурда улуттук «Элкарт» төлөм системасы нак эмес төлөмдөрдү жүргүзүүнү улантууда. Нак эмес жана аралыктан төлөө банк карточкалары, электрондук капчыктар, «Элкарт Мобайл» мобилдик тиркемелери жана QR-коддорду ж.б. колдонуу менен ишке ашырылат.

Ошодой эле, Улуттук банк жагдайды байкоого алып турат, зарыл болгон учурда өлкөнүн финансылык жана банк системасынын туруктуулугун жана коопсуздугун камсыз кылуу үчүн тиешелүү чараларды колдонот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости