www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте өкмөт үйүнүн алдына Садыр Жапаровдун премьер-министр болушуна жана бийликке кайрадан эски саясатчылардын келишине каршы болгон топ митингге чыкты. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.

Бишкекте Өкмөт үйүнүн алдына Садыр Жапаровдун премьер-министр болушуна жана бийликке кайрадан эски саясатчылардын келишине каршы болгон топ митингге чыкты Андагылар "Эскилерге жол жок!", "Люстрация кылыш керек!" деген плакаттарды даярдап жатканын көрүүгө болот. Чогулгандар кайра эле бийликке эскилер келгени жатканын айтышууда. Арасында элди мыйзамды сактоого, ынтымакка чакырып жаткандар дагы бар. Митинг өтүп жаткан жерде элден бир аз обочолонуп милиция кызматкерлеринин турганын көрүүгө болот.

Эске салсак, өткөн түнү Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйында Садыр Жапаровдун талапкерлигин премьер-министрлик кызматка жактырган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости