www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук банкта учурда канча тонна алтын бар?

2023-жылдын 31-июлуна карата Улуттук банктын резервинде 49,8 тонна алтын бар. Бул тууралуу Улуттук банктын акча-кредиттик операциялар башкармалыгынын башчысы Азат Козубеков билдирди.

Бул төрт айда көрсөткүч 2,5 тоннага өскөн дегенди билдирет. Буга чейин депутаттар Улуттук банкта 47 тонна баалуу металл бар экенин билдиришкен.

Улуттук банктын монетардык эмес алтын жана алтын резервдери 159 миллиард 145,8 миллион сомго бааланган. Улуттук банктын активдериндеги алтын 94 миллиард 145,8 миллион сомго бааланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости