www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Улуттук университетке «смотрящий» дайындалыптыр» деген шыбыш тарап, бири «Турусбек Маразыков смотрящий болуптур» десе, экинчи мугалим «ой, бир факультетти жөндөп башкара албай, мурдунан суу агып жүдөгөн Турусбек кантип эле болсун?» деп ишенишпей, үчүнчүсү «андайга мына, Сыртбай Мусаев жарайт, «мен членкорр элем, профессормун» деп арданбай эле Арабаевде декан болуп, ректорунун «оту менен кирип, күлү менен чыгып жүрөт».
Көрсө, Москвада аспирант кезинде жетекчиси, академик Кенесбай Мусаевдин атканасында аргымактарын таптап жүрүп, өзү да жакшы тапталган экен, эмгиче күүсүнөн тая элек. Болсо ошол эле жарайт» деп айрымдары айтышса, физиктер «биздин Каныбек Осмоналиевден башка ал орунга эч ким жарабайт» дешип, айтор, улуттук университетте «смотрящий» жөнүндөгү кеп басылбай, улам күчөп жатканы коомчулуктун бүйүрүн кызытууда. Кыязы, ректор Канат Садыковдун куюшканы бошоп калган окшойт...
Булак: «Азия News» гезити