www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коррупцияга каршы элдик көзөмөл бирикмесинин төрагасы Камил Умаров жакында Садыр Жапаровго мыйзамсыз байыган мамлекеттик кызматкерлерге тиешелүү документтерди берет. Бул тууралуу ал NazarNews маалымат агенттигине билдирди.
--“Дүйнөдө Кыргызстандагыдай таза шайлоо өткөн эмес. Баары суктанып турушат. Мына акчасыз, админресурс жок эле шайлоо бүттү. Садыр Жапаров кече журналисттерге ачык айтты, эл каалаган талапкерлерине шайласын. Мен ким өтсө ошону президент деп таанйым деди. Буга чейинки шайлоо баары ызы чуу жолу менен өтүп келген. Садыр Жапаров “коррупция менен күрөшөм” деп жатат. Биз дагы карап турбайбыз. Мына өзүнүн айланасында жүргөн адамдар камалып жатканы боюнча пикирин айтып, баары мыйзам чегинде жооп берет деди. Мен абдан кубанып, колдоп отурам. Жакында кызматына киришсе мен кайсы мамлекеттик жетекчилер жемкорлук менен алектенип жүрөөрү боюнча маалыматтарды айтам. Тиешелүү фактылар бар. Баарын чогултуп, даярдап койгонбуз. Мамлекеттик кызматтарда иштеген миңге жакын байлар такталган. Алардын арасында депутаттар, министрлер жана маданият үйлөрүнүн башчылары бар. Буларга карата чаралар көрүлөт деп ишенем. Ошондой эле, күч органдары мамлекеттин бала бакчаларын, жерлерин, имараттарын, пансионаттарын мыйзамсыздаштырып алгандарды дагы ачыктаса”,-дейт Умаров.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg