www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги Евразиялык "Интеграция" сынагынын алкагында инвестициялык долбоорлордун (бизнес-демилгелердин) эл аралык тандоосуна арыздардын топтомун жарыялайт.
Министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүндө интеграциялык эффектке ээ болгон инвестициялык долбоорлорду каржылык, ишкерлерге кызматташуу жана бизнести масштабдаштыруу, жаңы рынокторго чыгуу мүмкүнчүлүгү жана башка колдоо каралат.
Инвестициялык долбоорлор төмөнкү критерийлерге жооп бериши керек:
- ЕАЭБ мамлекетинде башка мүчө мамлекеттен жок дегенде бир технологиялык, каржылык өнөктөштү тартуу менен инвестициялык долбоорду ишке ашыруу;
- каржылоо жаңы курулуш объектисин түзүүгө, иштеп жаткан өндүрүштүк кубаттуулуктарды модернизациялоого, жаңы өнүмдөрдү (кызмат көрсөтүүлөрдү) өндүрүүнү ишке киргизүүгө, өнөр жай, инфраструктуралык, өндүрүштүк жана башка объектилерди санариптештирүүгө багытталат;
- каржылоонун суммасы - 50 миллион рублдан;
- долбоордун демилгечисинин долбоорго катышуусунун өлчөмү - 20%дан;
- насыянын мөөнөтү - 15 жылга чейин.
Колдоону алуу үчүн улуттук өтүнмөлөрдү жана долбоорлорду кабыл алуу жыл сайын күзгү (01-сентябрдан 30-октябрга чейин) жана жаз мезгилинде (1-марттан 30-майга чейин) жүргүзүлөт.
Кошумча маалымат алуу үчүн +996312623644, +996557557529 номурларына жана ошондой эле https://invest-eaeunion.org/ веб-сайтка кайрылсаыздар болот.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg