www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

СССРдин экс-президенти Михаил Горбачев постсоветтик замандагы, анын ичинде Кыргызстандагы кырдаал жөнүндө айтып жатып, бул кризистерди демократияга өтүүнүн кыйынчылыктары деп атады.

Анын айтымында, убагында Союз бир формада сакталып калганда, азыркыдай жагдай болмок эмес.

«Албетте, коңшу өлкөдө болуп жаткан окуялар мени аябай тынчсыздандырат. Аларда демократияга өтүүдө бир топ кыйынчылыктар жаралууда. Эгерде биз Союзду кандайдыр бир деңгээлде сактап кала алсак, анда алардын саны азыркыдай болмок эмес деп ишенем. Бирок, Кыргызстан муну жеңип чыгат эсептейм. Алардын өнүгүүсүнө жол ачуубуз керек», - деди Горбачев.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын октябрь айынын башында Кыргызстанда добуштарды массалык түрдө сатып алуу менен коштолгон парламенттик шайлоо болуп өткөн. Добуш берүүнүн жыйынтыгына нааразы болгон эл эртеси эле добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып, митингге чыгышкан. Алгачкы тынчтык митинги көп өтпөй башаламандыкка жана милиция менен кагылышууга чейин жетип, натыйжада 1,2 миңден ашуун адам жаракат алып, бир адам каза болгон.

Ал эми түнкүсүн, демонстранттар дагы деле болсо президенттин администрациясы жайгашкан республиканын парламентинин имаратын басып алышкан.

Өзүн-өзү дайындоо жана кызмат орундарын күч менен басып алуу менен коштолгон митингдер жана кадрдык туруксуздук Президент Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетишине чейин, тактап айтканда, 15-октябрга чейин уланды.

Бардык бийлик мурдагы оппозициячы Садыр Жапаровго өттү. Бир ай кызматта отургандан кийин, ал өз каалоосу менен кызматтан кетип, 10-январда өткөн кезексиз президенттик шайлоого катышты.

БШКнын алдын ала берген шайлоонун жыйынтыктарына ылайык, талапкер Садыр Жапаров алдыда келе жатат. Ал жалпы шайлоочулардын 79,19% добуш алган. 

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости