www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыздын наркына, өзөгүнө балта чапкан көрүнүштөр барган сайын арбып баратат. Улуттун уңгусуна, тамырына доо кетирип, өзөгүн кемирген мите курттарды тизгиндеп, акыл-насаат айтчу интеллигенция көрүнбөйт. Бийликтин идеологиялык сокур саясаты, элибиздин кайдыгерлиги кыргыз улутунун түбүнө жетмек болду.
Ар кайсы диний агымдардын, чет элдин менталитетибизге туура келбеген көмүскө да, ачык жүргүзүп жаткан рухий баалуулуктарыбызды жоюга болгон саясаты айтпай эле коёлу, өзүбүздүн ичибизден чыккан ийри жыландардын кылыгы баштан ашты.
Мына алыс барбай эле, Алтын Капалова деген жазуучу сымал аял, балдарына өз атын фамилия кылып берүүгө мүмкүнчүлүк алды. Бул аял үч баласына өз атымды фамилия кылып берем деп Мамлекеттик каттоо кызматы менен эки жылдан ашык убакыттан бери соттошуп келген. Эми Конституциялык сот кыргыздын наркына бүлүк салган, душмандар көксөп жетпей жүргөн жорукка уруксаат бериптир. Айрымдар, өз балдарына өзүнүн атын фамилия кылып берсе эмне экен, андан кимдин эмнеси короп жатат деген сөздөрдү айтышы мүмкүн....
Бирок, бул жерде маселе, бир адамга же эрди-катынга эмес, жалпы улутка тиешелүү экенин эстен чыгарбоо керек. Себеп дегенде, улуттун жети ата сүрүштүрүүгө болгон кылымдардан келе жаткан сырдуу, бузулгуз, кайталангыс өзөгүнө доо кетет. Алгоритм, код кыйрайт. Кыргыз өзүн таппай калат. Бул душмандардын кыялданып ишке ашыра албай келе жаткан максаты болчу. Анткени, бала эненин наамына каталса, жети ата сүрүштүрүү чаташып, генефонддун бузулушуна алып келет. Ажырашкан ата-энелердин балдары (энесинин атын фамилия кылып алган болсо) билбестиктен тууган тууганга үйлөнгөн кооптуу көрүнүш жаралат. Ансыз да динге чыланган молдо сөрөйлөр эки бир тууган куда болушса болот дешип, элдин аң-сезинин талкалап жатышат.
Ушундай абалда ажырашкан аялдар эрине таарынып, нааразы болуп баласына өз атын фамилия кылып берсе, ошондо даана боткосу чыгат. Каны-жинибиз аралашып эле жатып калабыз. Бул улутту кыйраткан өтө коркунучтуу илдет... Азыртадан ооздуктабаса, эртең кеч болот.
Жубайлар ажырашып кетсе, атасы балдарын багууга жардам бербесе, ага мыйзам ченинде башкача ракурстан жазалоо ыкмасын кароо керектир. Анан эле аялдын жеке таарынычы, эгосу үчүн бүтүндөй улуттун намысы, наркы тебеленди болуп, генефонд кыйрабашы кажет. Атасы миң жаман болсо да балдар атасынын фамилиясында калышы зарыл.
Деги эле энесинин атын фамилия кылып алган баланын деле психологиясына доо кетет. Теңтуштары тарабынан тегин, атасын билбеген бала "арам сийдик" деген кемсинтүүгө, мазактоого, шылдыңга, кордоого туш болушу мүмкүн. Бул жагдай баланын келечегине, тагдырына балта чабат.
Андыктан, өзөгүбүзгө өгөй мамиле кылсак, бул көрүнүш эми миңдеген бой аялдарга жаман өрнөк болуп калары бышык. Бул боюнча Мамкатчы Сүйүнбек Касмамбетов баштаган аттуу-баштуу аксакалдар, интеллигенция өздөрүнүн чечкиндүү ойлорун айтышы парз...
Бул жагдай, бир караганда болбогон эле майда көрүнгөн менен, түпкүлүгүндө олуттуу көңүл бурчу, улуттун өзөк-тамырына байланыштуу өтө маанилүү маселе десек жарашат.
Алмаз Темирбек уулу
Булак: NazarNews.kg