www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
23-апрелде Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Арзыгул Мамарасулов дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Арзыгул Мамарасулов 1921-жылы 1-июнда Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Сай-Бою айылында туулган. 20 жашында 81-атчандар полкунун курамында Советтик Армиянын катарына кошулуп, кенже командирлердин алты айлык курсун бүтүргөндөн кийин фронтко жөнөтүлүп, Новочеркасск, Батайск, Ростов-на-А. Дон, Нальчик, Бесланда салгылашкан. Алган жаракатынан улам майыптыгына байланыштуу демобилизацияланган.
1943-1983-жылдары Жалал-Абад облусунун Сакалды айылында колхоздо иштеген.
Аскердик сиңирген эмгеги үчүн 1-даражадагы Ата Мекендик согуш ордени, Жуков медалы жана Экинчи дүйнөлүк согуштун башка юбилейлик медалдары менен сыйланган.
Арзыгул Мамарасулов акыркы сапарга узатуу үчүн Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысынын биринчи орун басары, полковник Артур Темиров келди. Ардагердин сөөгү туулуп-өскөн айылына коюлду.
Булак: NazarNews.kg