www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 7-декабрда Конституциялык кеңештин жыйынында депутат Үмбеталы Кыдыралиев азыр саясий кризис болуп жатканын айтты.

"Азыр саясий кризис болуп жатат. Бул эмнеден чыгып жатат? Мамлекеттин үч бутагы тең жакшы иштебей жатат. Эл эмнеге 90 депутат болсун деп жатат? Эң биринчи критерийи акча көп кетип жатат деген экен. Акча көп кетип жатат деген 20-маселе.

Эгерде Жогорку Кеңеш сапаттуу мыйзамдарды чыгарып сапаттуу иштесе коррупция жок болот. Кыргыз мамлектинде экономика 60 пайыз көмүскөдө. Мыйзамдар жакшы иштебеген үчүн коррупция болуп жатат.

Жогорку Кеңештин көзөмөл функциясы бар. Кытайдын тышкы соода боюнча статистикасына таянсак, экспорт 4,5 миллиард доллар болсо, Кыргыз мамлекетинин импорту 1 милилард долларды түзүп жатат. Ушул нерселер көзөмөлдөнүшү керек. Иштей албаган депутатты эл чакыртып алсын. Өзүбүздө болуп жаткан маселени анализ кылып, андан кийин башка маселеге өтсөк", - дейт Кыдыралиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости