www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын ичинде болуп жаткан саясий иштерге башка өлкөлөрдүн аралашууга акысы жок. Мындай пикирди коомдук жана саясый ишмер Тойгонбек Калматов NazarNews маалымат агенттигине билдирди.
--“Кыргызстандын ичинде болуп жаткан саясий иштерге башка өлкөлөрдүн аралашууга акысы жок. Талдап келсек, азыр дүйнөдө глобализация болуп жатат. Абдан өнүккөн чоң өлкөлөр өздөрүнүн таасирин кичине жана чабал мамлекеттерге тийгизип жатканы ачуу чындык. Бул баарыбызга белгилүү. Ал эми ошол чоң мамлекеттер кайсылар деп эсептейбиз? Мисалы, Америка, Кытай жана Россия, Европанын чоң мамлекеттери. Айрыкча Кытай, Россия жана Американын стратегиялык кызыкчылыгы кесилишкен талаасында Кыргызстан турабыз. Ошондуктан ал өлкөлөрдүн чоңдору, жардам беребиз деп өздөрүнүн кызыкчылыгын көздөп турушу мүмкүн. Айрыкча мамлекеттин ички саясатына, өнүгүүсүнө аралашуусу мыйзамга дал келбейт. Бул туура эмес. Себеби, мамлекеттин тагдыры элдин тагдыры. Андыктан эч кимди аралаштырбай эл өзү, мамлекет өзү ич ара чечиши керек. Ошондуктан элде ынтымак, биримдик, достук болушу абзел. Кыргызстандагы саясатчылар, билимдүү, акылдуу инсандар биригип өнүктүрсө дүйнөдөгү чоң өлкөлөр сөзсүз жакшы мамиле жасайт. Себеби, өзүн сыйлаган инсан менен башкалар эсептешет. Адамдар ал жаран менен ар тараптуу кызматташууга, иштешүүгө кызыгат. Мамлекет деле ошондой. Кыргызстан экономикалык абалды жөнгө салып, алдыга умтулса, башкалар биз менен эсептешет, жакшы мамиле жасайт. Айрым учурда биздин чоңдор дипломатиялык жактан чабалдык кылып, өзүнүн патриоттук, инсандык пикирлерин ачык билдире албаганы мени өкүндүрөт. Сүйлөшүп жатканда “Сиздин айтканыңызга чоң рахмат. Учуру келгенде сүйлөшөбүз. Бирок биздин ички саясатыбызга аралашканыңыз туура эмес болуп калат” деген сөз менен токтотуп коюшу керек болчу”, - дейт Тойгонбек Калматов.
Булак: NazarNews.kg